2025-2026-окуужылына карата
КыргызРеспубликасынын жогорку окуу жайларына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн кабыл алуу квотасын бөлүү жөнүндө кулактандыруунун тексти
Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык 2025-2026-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.
Конкурска- Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Түркия Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары этникалык кыргыздар катыша алышат.
Конкурстуктандоого катышуу үчүн талапкерлер“2025-2026-окуу жылыүчүнКыргыз Республикасынынжогорку окуу жайларына чет өлкөлөрдө жашаган этникалыккыргыздарды кабыл алуу”бөлүмүнөн каттоодон өтүп, зарыл болгон бардык документтерди министрликтинhttp://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасына жүктөп,ошондой эле бардык зарыл болгон талааларды2025-жылдын 1-август күнү саат 23.59га чейинтолтуруп берүүсүкерек.
1.Паспорттун же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн (паспорт жок болгон учурда)кыргызжеорус тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
2.Билими тууралуу документтин (аттестаттын же дипломдун) тиркемелери менен,кыргызжеорус тилине которулган, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
3.Үй-бүлөсүнүн курамы тууралуумалымкат (справка).
4.Талапкерлердин академиялык чөйрөдөгү жетишкендиктерин тастыктаган сертификаттар, грамоталар, дипломдор (бар болсо)ж.б..
5.Медициналык справка 086-у.
6.ВИЧ / СПИДдин жоктугу жөнүндө маалымкат(справка).
Көңүлбуруңуз: документтердин толук эмес пакетин камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат!
Техникалыктекшерүү
Арыздарды кабыл алуу аяктагандан кийин (2025-жылдын 1-август күнү саат 23.59да)бардык келип түшкөн арыздар талаптарга жооп берүү жана бардык керектүү документтердин болушу текшерилет.
Онлайн тутумуна ийгиликтүү жана өз убагында катталып, программанын талаптарына ылайык бардык керектүү документтерди жүктөгөн талапкерлер тандоо сынактарына катыша алышат.
Конкурстуктандоо
Бакалавриат программалары үчүн конкурстук тандоо компьютердик/бланктыктестирлөө түрүндө өтөт. Компьютердик/бланктык тестирлөө 2025жылдын 13-14.15-август күндөрү өткөрүлөт.
Онлайн-системагаийгиликтүү катталган талапкерлерге (student.edu.gov.kg) сыноонун датасыжана убактысы жөнүндө маалымат жеке кабинетке жиберилет.
Конкурстукпрограммага катышуу маселелери боюнча маалымкаттар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейинтөмөнкүтелефондор аркылууберилет: +996 (312)662842 жана +996551 448011.
Ошондой эле, программага катышуу боюнча суроолорду төмөнкү электрондук почтага жөнөтсө болот:edu@mail.gov.kg.
Баарыңыздаргаийгиликкаалайбыз!!!